Ошто 2 күн мурун төрөгөн ымыркайын таштап кеткен энеге дарыгер кат жазды

TurmushЖаңы төрөлгөн ымыркайды энеси Ош шаарындагы облустук төрөт үйүнө таштап кетти. Бул боюнча аталган төрөт үйдүн дарыгери Альвира Алибаева социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

«Сен эң бактылуу болосуң наристем. Эне сүтүн балкылдатып эмип, эне жытын жыттап, магдыраган күндөрдү Кудайым сага саналуу эле убакка бериптир. Шордуу энең сени таштап, кайсы бир жакка бакыт издеп качып кетти. Мүмкүн айла жоктон таштап кетти. Бир чети туура эле кылдыбы? Жашырынып төрөп, көчөгө таштагандан көрө, төрөт үйүнө калтырып… Биз сени келет деп, үмүттөнүп күттүк. Келбедиң. Алтымыш тамырың зыркырап, эмчегиңе сүт толуп, сен да бир караңгы бурчта башыңы мыкчып жатасыңбы. Кимге таарындың, кимге өчөштүң? Сырыңды айтып жарылсаң болот эле? Наристеңдин жытын сагынып жатасыңбы? Мен кучактап, жыттап-жыттап келдим. Бейиш жыттанат. Чукуранып апасын издейт. Эх күкүк эне, кантип жүрөгүң чыдап таштап кеттиң? Тогуз ай көтөрүп, толгоосун тартып төрөгөн наристеңди. Кантип чыдап жатасың? Кел, күтөбүз сени», — деп жазган дарыгер.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гулзина Раева бул маалыматты ырастап, учурда энеси изделип жатканын айтты.

«Бизге бул боюнча маалымат жетти. Бирок баланы өткөрүп бере элек. Окуя 8-апрель күнү болуптур. Баланын энеси өз ысымын башка кылып жаздырып төрөп, ымыркайды таштап кеткен. Анализдери алынгандан кийин балдардын реабилитациялык борборуна жайгаштырып турабыз. Учурда милиция кызматкерлери ымыркайдын энесин издеп жатышат. Азырынча табыла элек», — деди Раева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️