Ошто 16 жаштагы өспүрүм иштеп жаткан жеринде көз жумган. Милиция териштирүү жүргүзүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында курулуштан кулап кетип каза болгон 16 жаштагы өспүрүм баланын өлүмү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркум бала 16-кабаттан кулап кеткен.

«5-октябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндөгү №1 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө бир жаран кулап кеткени айтылган. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу ошол жерде келишим менен убактылуу иштеп жапкан 2008-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну, Ош мамлекеттин унверситетинин колледжинин студентинин жансыз денесин табышкан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал курулуш калдыктарын чогултуп, атайын кранга илип жатып, 16 кабаттан кулап кеткен. Учурда тергөө иштери уланууда. Ал бала кантип ал жакка жумушка барып калган, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, эмне себептен анын жашы жете элек экенине көңүл бурулган эмес, ушулар боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон 16 жаштагы өспүрүм чогуу окуган шериктери менен бирге курулуш калдыктарын тазалап иштеп жаткан.

Пример HTML-страницы

Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин реестриндеги маалыматка караганда, «Артвин групп КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коому Шамшиев көчөсү №1 дарегинде [Жеңишбек Шамшиев көчөсүндөгү «Француз үйү» турак жай комплекси ] 16-17 кабаттуу турак жай комплексин куруп жатат. Анда социалдык, коммерциялык объекттер жайгашат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Артвин групп КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Джоробаев Фаррух Равшанович, түзүүчүлөрү — Асанов Макен Тойчубекович жана Бостонов Үсөнбек Абдимиталипович. Компания 2014-жылы 9-сентябрда каттоодон, 2021-жылы 3-августта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️