Ошто 120 бала тарбияланган бала бакчаны сел каптады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 14-июлда жааган жаандан улам Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймагында катуу сел жүрүп, айрым эс алуучу жайларды жана үйлөрдүн короолорун суу кирди.

«Керемет балачак» бала бакчасын да суу каптады. Селден улам бала бакчанын биринчи кабатын 1 метрдей суу каптап кеткенин бакча жетекчиси Топчугүл Алимбүбаева билдирди.

«Жекшемби болгондуктан бала бакча жабык болчу. Бактыга жараша эч ким болгон эмес. Баары дем алышта болгон үчүн эч ким эч нерсе болгон жок. Кечээги сел биздин бакчанын тосмолорун алып кетти. Биринчи кабатты 1 метрдей суу каптады, ичинде эмеректер да жараксыз болуп калды. Азыр эми ичи баткак, ӨКМ кызматкерлери, ата-энелер жана айыл тургундары менен биргеликте тазалоо иштери жүрүп жатат. Биздин бала бакчада 120 бала тарбияланат. Биринчи кабатта эки тайпаны окутабыз, эми ата-энелер менен сүйлөшүп, «бала бакча калыбына келгенге чейин бир жума үйдөн өзүңүздөр карап туруңуздар» деп түшүндүрүп жатабыз», — деди жетекчи.

Ошондо эле «Борубай ата» эс алуу жайындагы адамдар эвакуациаланып, коопсуз жерде болушканын эс алуу жайдын ээси Бекмамат Ажиматов айтты.

«Кечээ күнү булуттар карайып, жаан аябай катуу жаап баштады. Жогору жакта Зымырык сай деген сай бар. Ошол жактан суу толуп, биз жака чейин кирип келген. Дарбазаларды жабык турганы карабастан, сел дарбазаны ачып, кирип келди. Эс алуучулардын бири да жабыр таркан жок, баарын коопсуз жайга жайгаштырып, дарыя боюнан алыс которгонбуз», — деди Ажиматов.

Пример HTML-страницы

Үйүнүн короо-сарайына чейин сел кирген Тынарбек Акматов коркуп калганын айтып, кооптонуп жатканын билдирди.

«Эми бул Кудайдын сыноосу экен. Сел Зымырык сайдан келип, короомо кирип, көчөттөрдүн баары сел менен кошо кетти. Үй тарап эч нерсе болгон жок, болгону короомдун алдын жана сарайды суу каптап, агызып кеткен. Мал-жандактыр жайлоодо болуп, сарайдын ичи бош болчу. Балдарым, неберелерим баары үйдө. Кечээ күнү да эшикке чыгарбай отурганбыз. Кырсык экен, коркот экенсиң, да ошого да кыйла кооптонуп жүрүп калат экенсиң», — деди ал.

———————————————

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кетти. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Куткаруучулар адамдарды эвакуациялай башташкан. Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү кечээ, 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды.

Ошондой эле бүгүн, 15-июлда дагы эки кыздын сөөгүн табышты.

Ошондой эле бүгүн, 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Анын өздүгү такталууда.

14-июль күнү кырсыктын кесепетинен Озгур айылында 1 адам каза болду. Ал элди эвакуациялоого жардам берип, «КамАЗга» отургузуп жаткан. «КамАЗ» суудан өтүп бара жатканда аны тебелеп кеткен.

Ондогон унааларды сел агызып кетти. Куткаруучулар каналардан, сел аккан сайлардан талкаланган унааларды алып чыгып жатышат.

Ош шаарында электр мамылары, суу берүүчү насостук станциялар жабыр тартты. Шаардагы борбордук базарда сел дарыядай агып, товарларды агызып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️