Пример HTML-страницы

Ошто 12 кабаттуу үй мүрзөнүн жанына курулуп жатат. Мамлекеттик органдар эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Ленин көчөсүндө 12 кабаттуу үйдүн курулушу көзөмөлгө алынды.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 12 кабаттуу «Авангард» турак жай комплекси көрүстөнгө жакын курулуп жатканын жазган. Ал санитардык талап боюнча объекттер көрүстөндөн 500 метр алыстыкта жайгашышы керектигин, ал эми аталган көп кабаттуу үй 5 метр гана алыс курулганын айткан.

Ош шаардык архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов Turmush басылмасына комментарий берип жатып аталган көп кабаттуу үй боюнча сантитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун каты бар экенин билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө курулуш көзөмөлгө алынды.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиевдин маалыматы боюнча, аталган үйдү «Стандарт Строй ЛТД» ЖЧКсы курууда. 2019-жылы шаар куруу кеңешмесинде көп кабаттуу үй маселеси каралып, курулуш компанияга 12 пункттан турган талап коюлган.

«Бул компания талапты аткарбай, башка тиешелүү иш кагаздарды албай туруп курулушту баштап жиберген. 2020-жылы биздин башкармалык жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү баракчасы берилген. Эскертүүгө карабастан курулушту уланта бергенинен Экотехинспекциясына кат жөнөтүлгөн. Аталган компания 2021-жылы биздин башкармалыкка кайрылыптыр. Иш кагаздар даярдалып бериле турганы айтылып, бирок, биз тарап даярдап бербей койгондон кийин алар сотко кайрылган. Ош облустук административдик соту бизди документтерди даярдап берүүгө милдеттендирген. Архитектуралык документтерди даярдоонун алдында санитардык коргоо аймагын карашкан. Анда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бир эмес, эки каты бар экен. Каттардын негизинде документтер даярдалып берилиптир», — деди Өмүралиев.

Ал эми Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Мамарасул Өмүрзаков уруксат кагазы качан берилгенин тактай турганын билдирди.

«Ал жерде туура маселе көтөрүлгөн. Санитардык коргоо аймагы деп 50 метрден 500 метрге чейинки аймак каралган. Бул жерде ал каралбай калыптыр. Муну ким бергенин тактайбыз. Бул окуя 4-5 жыл мурдагы окуя экен», — деди Өмүрзаков.

Turmush 2022-жылдын декабрь айында Ош шаардык прокуратурасына шилтеме берүү менен Ош шаарынын В.И.Ленин көчөсүнүн 938-938/1 даректериндеги жеке менчик жер тилкедеги 12 кабаттуу турак үйдүн курулушуна текшерүү жүрүп, «Стандарт Строй ЛТД» ЖЧКсы курулушка тиешелүү эч кандай архитектуралык уруксат иш кагаздарын албай, курулуш иштерин жүргүзүп жактандыгы аныкталганын жазган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин (өзүм билемдик) 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Ленин көчөсү, №938 дарегинде «Стандарт Строй ЛТД» ЖЧКсы тарабынан «Авангард» турак жай комплекси курулуп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Стандарт Строй ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Жусуев Нурсултан Сайфидинович, түзүүчүсү — Сайфидин Жусуев.

Компания 2022-жылы 27-июлда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE