Пример HTML-страницы

Ошто 1 айда 1 жолу жумушка жөө же коомдук транспорт менен баруу сунушталууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жана Ош облусунун аймагында «Унаасыз бир күн» акциясы старт алды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимов билдирди.

Анын айтымында, ар айдын үчүнчү бейшембиси жумушка же өз багытына коомдук транспорт менен, же жөө баруу сунушталууда.

«Бул акция президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Айлана-чөйрөнү коргоого, жоопкерчиликтүү керектөөгө, климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле шаарларда, региондордо жеке унааларды пайдаланууну кыскартуу, абанын сапатынын абалын жана коомдук транспорт системасын жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ар бир айдын үчүнчү бейшембисин «унаасыз бир күн» деп жарыяланган», — деди ал.

Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдардын кызматкерлерине ар бир айдын үчүнчү бейшемби күндөрү жумуш ордуна жөө, коомдук же башка экологиялык транспорттун түрлөрү менен келүү сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE