Ошто өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдеш өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-сентябрь күнү Ош шаарындагы бокс жана оор атлетика спорт мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш башталды.

Маалым болгондой, бул мелдешти машыктыруучу Беганас Султанбаев үй-бүлөсү жана бир туугандары менен биргеликте өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандын 7 облусунан жана Өзбекстандан келген жаш мушкерлер катышып жатат.

«Бул мелдешти биринчи жолу эл аралык деңгээлде Султанбаевтердин, тууган уруктардын колдоосу менен уюштуруп жатабыз. Мелдешке 2008-2009 жылы төрөлгөн 155 спортчу катышууда. Мелдеш 4 күнгө созулат. Бүгүн экинчи күндө чейрек финл өтүп жатат. Бул мелдешке Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй жалпы эле Кыргызстандын облустарынан, шаарларынан катышып турат. Ошондой эле Өзбекстандын Андижан, Фергана облустарынан да мушкерлер келип күч сынашууда.

42 кг баштап 80 кг салмакка чейин болуп, 15 комплект медаль ойнотулат. Барыбыз көрдүк Олимпиададан күтпөгөндөй жыйынтык болду. Өзүбүздүн окуучубуз Сейитбек уулу Мунарбек чыгып далилдеди. Ошол окуучубуздай ийгиликтерди жаратып жаш өспүрүмдөргө стимул болсун деген максатта уюштурулган. Ошондой эле эки өлкөнүн достугу дагы да бекемделип, спортчуларыбыз да бири-бири менен жакшы мамиледе болсун деп кошуна мамлекеттен да чакырганбыз. Турнирди буюрса жыл сайын салттуу түрдө сентябрь айдын аяктарына уюштурабыз деп чечтик. Бул мелдешти мен жана Москвада иштеген инилерим, туугандарым, Султанбаевдер болуп спортко биздин салымыбыз болсун деп атайын жаштарга деп бардык нерсени өзүбүз көтөрүп жатабыз», — деди Беганас Султанбаев.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевге Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 500 миң сом сыйлык тапшырылган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️