ОшМУнун студенти Чынара Акматалиева бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык чемпионатта Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти Чынара Акматалиева алтын медалга ээ болду.

Окуу жайдын маалыматына караганда, ал 64 килограмм салмакта күч сынашты. Мелдеш 25-27-октябрда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.

Акматалиева жакынкы күндөрү өтө турган Кыргызстандын чемпионатына даярданууда.

Чынара Акматалиева 5 жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал буга чейин Кыргызстандын эки жолку жана эл аралык чемпионаттын эки жолку жеңүүчүсү болгон. Спорт чебери. Учурда медицина факультетинин дарылоо адистигинде билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️