ОшМУдагы институттун директору Темир Жоробеков көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институтунун директору Жоробеков Темир Астаевич дүйнө салды.

Окуу жайдын маалыматына караганда, ал кечээ, 10-июлда оорудан улам көз жумган. Маркум бүгүн Ош шаарында акыркы сапарга узатылып жатат.

  • Т.Жоробеков 1955-жылы 30-августта туулган. Ал — активист Автандил Жоробековдун атасы.

Эмгек жолу:

— 2010-жылдан баштап каза болгонго чейин Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институтунун директору;

— 1998-2016-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;

Пример HTML-страницы

— 2008-2010-жылдары ОшМУнун проректору;

— 2003-2008-жылдары ОшМУнун эл аралык иштер боюнча проректору;

— 1998-2003-жылдары ОшМУнун теология факультетинин деканы;

— 1993-1998-жылдары ОшМУ, практика башчысы;

— 1988-1990-жылдары Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде (Россия) илимий кызматкер;

— 1980-1988-жылдары Ош мамлекеттик университетинде мугалим.

Илимий жолу:

— 1990-1993-жылдары Москва педагогикалык университети (Москва, Россия), «Постсоветтик аймактарда окутуунун жана үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары» деген темада доктордук (PhD) диссертациясы;

— 1973-1977-жылдары Ош мамлекеттик университети (Ош, Кыргызстан), магистратура (5 жылдык окуу) адистиги: педагогика; профили: музыка; дипломдук иштин темасы: «Жаш балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу»;

— 1975-1976-жылдары Бишкек гуманитардык институту (Бишкек, Кыргызстан), семестр алмашуу;

— 1963-1973-жылдары №4 жергиликтүү гимназия (Ош, Кыргызстан).

Ал биллиард оюну боюнча университеттин чемпиону, шаар ичинде өткөрүлгөн чуркоо мелдешине жыл сайын катышчу. Англис, орус, түрк, кыргыз тилдеринде жазууну жана сүйлөөнү мыкты өздөштүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️