Пример HTML-страницы

ОшМУдагы бизнес форумга Акылбек Жапаров да катышып жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-майда Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында көргөзмө өтүп жатат. Иш-чара окуу жайдын 85 жылдыгына карата уюштурулду.

Көргөзмөгө ОшМУнун Бизнес паркынын 39 стартап долбоору, ата мекендик 67 компания жана Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Көргөзмөгө алдыңкы өндүрүш компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектери коюлду. Иш-чаранын алкагында бош жумуш орундар жармаңкеси, бизнес-коучтардын мастер-класстары өтөт. Ошондой эле компаниялардын презентациясы болуп, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда келишимдер түзүлөт.

Көргөзмөгө Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келген коноктор күбө болду.

Бүгүн ОшМУнун 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө. Анын алкагында «Келечек муундун ХАБы» борборунун ачылышы болду. Борбордун алдында ОшМУ Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска студенттерди кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат.

Ошондой эле Ош шаарында биринчи жолу «Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү — аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору» аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү форуму өтүп жатат.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, министрлер, Жогорку Кеүештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ОшМУдан билим алып, түрдүү тармактарда эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүлөр катышууда.

Форум ОшМУнун башкы имаратындагы жыйындар залында уюштурулду. Жыйында аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланат. Экономикалык чөйрөнү инновациялар жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууда университеттердин бизнес жана илимий потенциалын интеграциялоо, университеттин чөйрөсү менен бизнес чөйрөнүн жана өндүрүштүн өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө мамлекеттик жана административдик колдоо көрсөтүүсү боюнча сөз болот. Ошондой эле аймактардын экономикасын туруктуу өнүктүрүүдөгү жаңы кадрларды даярдоодо университеттер менен бизнестин байланышы, бизнес, мамлекеттик бийлик, билим берүү жана илим байланыштарын чагылдырууда медианын таасири боюнча пикир алышуулар жүрөт.

Форум шаарларды жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгуу максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE