Turmush — ОшМУ QS World University Rankings рейтингинде Азиядагы эң мыкты университеттеридин катарына кирди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, муну менен 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду ээледи. Ал эми Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен 13-орунду алды. ОшМУнун тарыхында бул эң мыкты жыйынтык болуп саналат.
QS World University Rankings тарабынан жүргүзүлгөн рейтинг дүйнө жүзүндөгү эң таанымал жана беделдүү деп эсептелет. Ал жыл сайын жаңыланып турат. Негизи ЖОЖдорго алты көрсөткүч менен баа берилет.
QS Азия рейтингдери аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайларды белгилеп, алардын илим изилдөө, окутуу жана дүйнөгө тийгизген таасирин баалайт. Бул рейтингде болуу — мыктылардын катарына кирүү дегенди түшүндүрөт жана жогорку деңгээлде билим берүүгө жеткенин далилдейт. Ал үчүн университеттин академиялык, жумуш берүүчүлөр арасындагы бедели, илимий иштерине болгон шилтемелердин индекси, профессордук-окутуучулук курамдын студенттердин санына болгон катышынын көрсөткүчү, чет элдик окутуучу жана студенттердин үлүшүнүн көрсөткүчү, академиялык мобилдүүлүк багытындагы иш-аракеттер каралат.
ОшМУ жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча 33% балл топтогон. Буга чейин окуу жай аталган рейтингде болгон эмес.
QS World University Rankings сертификаты окуу жайдын аймакта академиялык артыкчылык боюнча алтын стандартка жеткенин көрсөтөт. Студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн рейтингдер университет тандоодо маанилүү курал болуп эсептелет.
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтингине Кыргызстандан алты жогорку окуу жай кирген. Анын ичинде ОшМУ да бар жана тизмеде экинчи орунду ээлеп турат. Буга чейин окуу жай «IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) — 2024» эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлеген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.