ОшМУ Евразиядагы эң алдыңкы  университеттердин үчтүгүнө кирди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университети «IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) — 2024» эл аралык рейтингинде 2-орунду ээледи. Муну менен окуу жай Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирди.

Баалоо окуу жайдагы илимий потенциал, эл аралык аренадагы орду, билим берүү программаларынын сапаты, окутуучулар жана студенттер арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча аткарылып жаткан иштерге карата жүргөн. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, маалымат булактарынын жеткиликтүүлүгү да каралган.

«IAAR Eurasian University Ranking» эл аралык рейтинги жыл сайын жарыяланат. Быйыл Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайджан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир топ мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышкан.

ОшМУ 2021-жылы алдыңкы ондука кирген болсо, 2022-2023-жылдары үчүнчү орунду алган.

Жогорку окуу жайлардын көз карандысыз рейтинги университеттин ишмердигинин сапатын, академиялык коомчулуктагы, студенттердин, жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы кадыр-баркын айкын көрсөтөт. Билим берүүнүн учурдагы тенденцияларына ылайыкташкан, атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү жана илим изилдөө чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Пример HTML-страницы

Рейтингдик изилдөө — ЖОЖдордун билим берүү сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылат. Муну менен катар эле коомчулук окуу жайларда билим берүүнүн сапаты рынок талаптарына канчалык жооп берерин биле алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️