Пример HTML-страницы

ОшМУ эл аралык форумдун алкагында 11 келишимге кол койду

Акыркы жанылыктар

Turmush«Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору» аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форумунун алкагында Ош мамлекеттик университети 6 жогорку окуу жай жана 5 өнөктөш мекеме-ишкана менен келишимге кол койду.

Жогорку окуу жайлардан Москва финансы жана юридика университети, Борбордук Азия университети, Кытай Эл Республикасынын Тарим университети, Казакстандын чыгыш таануу институту, Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институту, Жизак мамлекеттик техникалык институту, Нанкин технологиялык институттары менен келишимге жетишилди.

Ал эми «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы, «Түштүк кыргыз цемент» заводу, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеши жана Өзгөн районун Жалпак-Таш айыл өкмөтү менен да келишимдер түзүлдү.

Ошондой эле «Имам Серахси» эл аралык ислам маданияты жана мурасы фондунун президенти Мехмет Сыддык Акшитге «ОшМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Бүгүн 31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө. Мааркенин алкагында «Келечек муундун ХАБы» борбору ачылды. Ошондой эле ата мекендик 67 бизнес компания жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE