Пример HTML-страницы

ОшМПУнун улук окутуучусу Мусабек Сатыбалдиев «Хрусталь компас» сыйлыгынын лауреаты аталды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2024-жылдын 30-майында Москва шаарында эл аралык «Хрусталь компас» улуттук сыйлыгын тапшыруунун салтанаттуу аземи болуп өттү.

Орус географиялык коомунун Москвадагы башкы кеңсесиндеги эксперттик кеңештин жыйынында «Жарандык позиция» номинациясынын ээлери жана сынактын финалисттери аныкталды. Аталган даражалуу сыйлыкка Россия, Азербайжан, Индия, Франция, Казакстан, Сербия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык сынакта тандоого 230 миңден ашык адам өз долбоору менен катышкан. Анын катарында география, экология жана жаратылыш, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы 10 номинация боюнча уникалдуу долбоорлордун авторлору финалга өтүшкөн. Мында тандалган финалисттер эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан «Хрусталь компас» сыйлыгынын лауреаты номинациясына көрсөтүлгөн.

«Жыйынтыгында «Хрусталь компас» улуттук сыйлыгын тапшыруу салтанатын Орус географиялык коомунун ардактуу президенти, сыйлыктын эксперттик кеңешинин төрагасы, академик В.М.Котляков ачып, «Хрустальный компас» улуттук сыйлыгынын XI жана XII салтанаттуу аземинин «Жарандык позиция» башкы номинациясынын жеңүүчүсү — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын улук окутуучусу Мусабек Сатыбалдиевдин ысымын салтанаттуу түрдө жарыялады. Аны «Жарандык позиция» номинациясында улуттук даражалуу «Хрусталь компас» сыйлыгын жеңип алышы менен куттуктайбыз», — деп айтылат аталган окуу жайдын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE