ОшМПУнун студенттери дүйнөлүк мелдештен байгелүү кайтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында кикбоксинг боюнча «Дүйнө кубогу-2024» эл аралык турнири өттү.

Ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн суурулуп чыккан спортчулар катышып, катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинин студенттери да күч сынашып, алдыңкы орундарга ээ болуу менен жеңүүчү аталышты.

Мында дт-24-2 тайпасынын студенти Кутман Максатбеков 2-орунду, дт3-22 тайпасынын студенттери Үсөн Абдывахапов жана Асан Абдывахапов 2-орунду, ал эми дт-23-2 тайпасынын студенти Актилек Осмонжанов 3-орунду багындырып, диплом, кубок жана медалдарга ээ болушту.

Аталган студенттер мелдешке дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу, бокс, кикбоксинг боюнча спорт чебери, машыктыруучу Махаматсадык Эркинбаевдин жетекчилиги менен катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️