ОшМПУнун студенттери акын-жазуучулар менен жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-апрелде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде акын, жазуучулар менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү.

Иш-чара университеттин китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага атайын чакырылган коноктор, окутуучулар жана студенттер катышты. Кеченин коноктору кыргыз акын жазуучулар коомдук фондунун түштүк региону боюнча координатору, акын Нуржамал Калмаматова, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү Зинакан Пасаңова жана анын шакирти Бүкалча Маматали кызы болду.

Мында акындар менен жакындан баарлашуу жүрүп, алардын чыгармалары катышуучулар тарбынан көркөм айтылып, кызуу талкуу менен коштолду. Мындан сырткары студенттер акындардын ырларын аккордеондун коштоосунда ырдашып, өздөрүнүн автордук ырлары менен бөлүшүп, окуп беришти.

Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу бүгүнкү кечеге активдүү катышкан поэзия сүйүүчүлөрүнө жана меймандарга өз белектерин тапшырышып, билимге умтулган жаштарга, китеп сүйүүчүлөргө китепканыны эшиги ар дайым ачык экенин баса белгилеп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️