ОшМПУда 200 шахматчынын катышуусунда эл аралык турнир өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 19-октябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде шахмат боюнча «Белая ладья» аталышындагы II эл аралык турнир болуп өттү.

Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чара Э.Н.Миловидованын жаркын элесине арналып уюштурулуп, ага 220 шахматчы катышты. Мында жобого ылайык балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша балдар жана кыздар арасында катышуучулар шахмат боюнча мелдеш курушуп, оюн 5 категориянын негизинде өткөрүлдү.

Турнир Кыргыз Республикасындагы Россотрудничествонун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан уюштурулду.

Саамалык региондордун шахматчыларынын ортосундагы достук байланышын чыңдоо, аймактарда шахматты өнүктүрүүнү жайылтуу жана пропагандалоо, шахматчылардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️