Пример HTML-страницы

Ош улуттук драма театрынын жерин «Мерседеске» алмашышкан. Бирок унаа берилген эмес

Акыркы жанылыктар

TurmushСултан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына тиешелүү жердин сатылып кетиши боюнча прокуратура текшерүү иштерин баштайт.

Драма театрдын юристи Мирлан Досматовдун айтымында, 2008-жылы 4-февралда театрдын 3 сотых жерин жеке жакка өткөрүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишим кол койгон жеке тарап — Х.А. аттуу жаран «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа бермей болгон. Эки тараптын келишими Ош шаардык сотунун актысы менен бекитилген. Бирок Х.А. келишимди аткарбай, унааны берген эмес.

Мирлан Досматов социалдык багыттагы жерге акт чыгарууга, сатууга соттун да, театрдын директорунун да укугу жок болчу деп эсептейт.

«2008-жылы Ош улуттук драма театрынын унаа гаражына тиешелүү болгон 3 сотых жерди ошондогу жетекчилик бир жаран менен келишим түзүп, жерди «Мерседес-Бенц» унаасына алмаштырмай болгон. Бул келишим Ош шаардык сотунун актысы менен бекитилген. Соттун чечиминин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси да мамлекеттик акты жасап берген. Бирок ал жаран унааны берген эмес. Мындан улам ошондогу жетекчилик Ош облустук сотуна доо-арыз менен кайрылып, келишимди жокко чыгарткан. Бирок облустук соттун чечими чыкканга чейин ал жаран жерди башка жаранга сатып жиберген. Ал жаран дагы башка жаранга саткан. Х.А.дан жер алгандар ак ниеттүү алуучу болуп жатат. Бирок жер талаштуу эмеспи, социалдык багыттагы жерби деген маселелерди билбеген адамды ак ниет сатып алуучу дейбиз. Ошондуктан бул боюнча далай ирет сот иштери болуп, кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберишиптир. Биз дагы кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткени үчүн утулуп калдык. Прокуратурага документтерди бердик, алар текшерип жатышат. Жакын арада расмий текшерүү иштерин башташат. Биз кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүүнү каалап жатабыз», — деди ал.

Азырынча Ош шаардык прокуратурасынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE