Ош технологиялык университетинде сүрөт көргөзмө өткөрүлдү

TurmushОш технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинин архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан атайын сүрөт көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мында бул адистикте билим алып жатышкан студенттердин эмгектери элдин назарына коюлуп, кафедра тарабынан жасалып жаткан жумуштардын жыйындысы жарыяланды. Иш-чаранын негизги максаты — кафедра даярдап жаткан адистиктин бүгүнкү күндөгү ролу, келечеги, эл чарбасында, коомдо канчалык деңгээлде зарыл экенин даңазалоо жана студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо. Ошондой эле студенттердин өздөрү жараткан эмгектери аркылуу бири-бирин баалоо, бири-биринин эмгектерин сыйлоо жана атаандаштык аркылуу ар биринин алдыга карай умтулуусун, аракетин камсыздоо.

Бул иш-чара аркылуу студенттер келечектеги максатын так аныктай алышат. Анткени алардын жараткан эмгектери коомчулук тарабынан жакшы пикирге ээ болуп, аларды ар биринин өз кесибинин мыкты чебери болууга үндөйт. Сүрөт тартуу адамдагы эс тутумду, көңүл бурууну өрчүтөт. Кандайдыр бир образдарды кагаз бетине түшүрүү менен ойлонууга, жазууга, көз алдына элестетүүгө үйрөнөт. Ошентип аң-сезим менен бирге анализдөө, салыштыруу, аралыкты, чоңдукту баалоо калыптанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️