Ош шаарынын №5303 шайлоо тилкесинде добуш берүүчү аппараттар иштебей жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-ноябрь күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды. Ош шаарынын №5303 шайлоо тилкесинин төрайымы Манзуура Абдулаева шайлоо өз убагында башталганын билдирди.

Анын айтымында, шайлоо официалдуу түрдө гимн менен башталган.

«Учурда шайлоо тилкеси ачылгандан бери 15 шайлоочу келип, добушун берди. Азыркы учурда мыйзам бузуулар боло элек. Шайлоо тартиптүү, тынч өтүп жатат. Бирок бул жактагы аппараттарыбызда бир аз техникалык каталар болуп жатат. Иштөө системалары кечиктирип иштеп жатат», — деди М.Абдулаева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️