Ош шаарынын тургуну шылуундардын тузагына кантип түшүп калганын айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын бардык аймактарында батирлердин ижара баасы жылдан-жылга өсүүдө. Бул абал, өзгөчө студенттер жана чөнтөгү жука адамдар үчүн чоң көйгөй жаратууда.

Ошол эле учурда арзан батир сунуштап, шылуундар да пайда болуп, алданган адамдардын саны арбып барат.

Ош шаарынын тургуну Нуркыз Жаныбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү) ушундай алдамчылыктын курмандыгы болгон жарандардын бири. Ал башынан өткөн окуясын төмөндөгүчө баяндап берди.

«Арзан батир издеп жүргөм. Социалдык тармактагы батирлерди жарнама кылган баракчага чыккан жарнамалардын биринде талаптарга жооп берген, баасы дагы жеткиликтүү батирди таап, көрсөтүлгөн номерге байланыштым. Мен байланышкан адам өзүн батирдин ээси катары тааныштырып, батирди көрүү үчүн алгачкы төлөмдү алдын ала жөнөтүүнү суранган. «Көп адам батирди сурап жатат, эгер кааласаңыз, алдын ала акча жөнөтүп коюңуз, батир сиздики болот» деп ишендирди. Постторун да жөнөттү. 4 миң сом которуп, чегин жөнөттүм. “Эртең саат 10до келип көрүп, көчүп келе бересиз” деген. Эртеси ал айткан дарекке барганымда шылуундун телефону өчүк болуп калды. Мессенджер аркылуу кат жазсам жооп бербей, кийин такыр блоктоп салды. Алданганымды түшүндүм, аракет кылдым бирок акчасын кайтарып ала алган жокмун», — деди Нуркыз.

Нуркыз социалдык тармактагы ал баракчаны колдонгон адамдарга кайрылып, ал жерде чыккан жарнама шылуундардын номери экенин эскерткен. Бирок баракчанын администрациясы аларга кайсы адам жарнама берип жатканын текшерип, аныктоо мүмкүн эместигин айтып, жардам бере албай турганын билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жогоруда айтылган алдамчылык фактысы боюнча 2024-жылы 26 арыз келип түшүп, анын 22си ачылган. 2025-жылга карата 2 факты катталып, бирөө аныкталган.

Ош ШИИБ жарандарды сак болууга, шектүү сунуштардан алыс турууга жана мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыздоого чакырат. Ошондой эле, алдамчылык же башка мыйзам бузууларга күбө болгондор дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин эскертет. Ушундай шылуундар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, профилактикалык чараларды күчөтүлгөнү айтылды.

Адистер батир ижарасы боюнча мыйзамдар күчөтүлүп, расмий түрдө келишим түзүү милдеттендирилиши керек экенин айтып, ижарага батир издегендерге шылуундук схемалары тууралуу маалымдоо, коопсуздук чараларын түшүндүрүү зарыл экенин айтып келишет.

Алдамчылыкка кабылбоо үчүн жарандарга сунуштар:

— алдын ала акча которуудан баш тартыңыз;

— батирдин документтерин жана кожоюнун текшерүүнү унутпаңыз;

— расмий келишим түзүү менен гана батирди ижарага алыңыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️