Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-декабрда Ош шаарында соодагерлер нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Соодагерлер шаардык мэриянын алдындагы борбордук аянтка топтолду. Алар көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууга каршылык билдирип жатышат.

Соодагерлер менен Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы, орун басары, Ош шаарынын вице-мэрлери жолугушууда. Ишкерлер эмне үчүн Кара-Суудагы «Туратали» жана Бишкек шаарындагы «Дордой» базарларынын соодагерлери ККМ колдонуудан бошотулуп, алар бошотулбаганын түшүндүрүүнү талап кылууда.

Буга чейин Салык кызматы Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» жана Бишкек шаарындагы «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулганын билдирген.

«Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда ишкерлер өзгөчө режимде иштей алышат.

Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана “Туратали» базарлары кирет. Бул базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулат», — дейт Салык кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE