Ош шаарынын акыркы 5 мэри. Алар кайсы иши менен эсте калды?

Акыркы жанылыктар

Turmush5-октябрь — Ош шаарынын күнү. Бул даталуу күн майрам катары 2000-жылдан бери белгиленип келүүдө. Быйыл Ош шаары 324 жылдыгын белгилейт.

Майрамды утурлай Turmush басылмасынын кабарчылары Ош шаарынын акыркы 5 мэри тууралуу маалымат топтоду. Ошондой эле калаанын тургундары арсында мэрлердин ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоо жүргүздү.

Мелис Мырзакматов

Мелис Мырзакматов 2009-жылдан 2013-жылга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Ал учурунда шаардын чыгыш жана батыш тарабына тарыхый ишмерлердин эстеликтерин тургузуп, эстакадалык көпүрө курам деген амбициясы менен элдин эсинде калган. Мырзакматов 2014-жылы 27-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошол кезде Мырзакматов А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууга жана каржылоого Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук бергени, анын кесепетинен мамлекетке 27 миллинон сом зыян келтирилгени айтылган.

М.Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан 2015-жылдын 22-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптуу деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга кесилген. Ош облустук сотунун 2015-жылдын 17-августтагы чечими менен шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

2020-жылы 7-октябрга караган түнү Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келип, Ош шаарынын борбордук аянтындагы тарапташтары менен жолуккан.

2020-жылдын 15-октябрында Ош шаардык соту, 16-октябрында Ош облустук соту Мелис Мырзакматовду актаган. Ушул эле жылдын 19-октябрында Жогорку соттун Мырзакматовду актоо тууралуу чечими чыккан.

————————————————————

Айтмамат Кадырбаев

Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын январь айында Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Ага чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеген.

Мелис Мырзакматов курулушун баштаган көпүрө Айтмамат Кадырбаев мэр болуп турган учурда ачылган. Кадырбаев Орусиядан Кыргызстанга жардам катары берилген акчаны үнөмдүү пайдаланып, үч көпүрө курулганын айтканы менен белгилүү. Ошондой эле ал мэр болуп турганда Сай-Бою көчөсүнө асфальт төшөлүп, веложол курулуп, бокс жана оор атлетика мектеби курулуп, ошондой эле аталган көчөнүн боюнда жайкы сахна (подиум) курулган.

Подиумдун курулушу менен таанышуу учурунда Кадырбаев курулуш иштери өз учурунда бүтпөсө, курулушту куруп жаткан компаниянын өкүлүнүн буту-колун байлап, Ак-Буура дарыясына ыргытарын айтканы элди таң калтырган.

Аталган подиум көп убакыт бою элге кызмат кылбай, селсаяктар мекендеген жайга айланып, айланасы таштандыга толгон. Бул окуялардан кийин Ош шаардык маданият башкармалыгы подиумду ишкерлерге ижарага берип, учурда анда караоке жана балмуздак сатылуучу жайлар ачылган.

————————————————————

Таалайбек Сарыбашов

Таалайбек Сарыбашов 2018-жылы Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Ага чейин үч жыл Ош облусунун губернатору болуп иштеген. Сарыбашов губернатор болуп турган учурда Ош шаарынын борбордук аянтындагы иш-чарада жардамчысына кол чатыр көтөрткөнү менен талкууга алынган.

Мэрлик кызматка киришкенден кийин көп өтпөй эле жергиликтүү жетекчилердин бирин жыйынга ак көйнөк кийип келбегени үчүн тилдегени менен эсте калган.

Таалайбек Сарыбашовдун тушунда Б. Осмонов көчөсүндөгү башаламан базарлар бузулуп, парк курулган.

2021-жылы башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу Ош шаарынын мэри кызматынан кеткен. 2021-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, 12-август күнү кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген. 2021-жылдын декабрынан бери Жогорку Кеңештин («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) депутаты болуп иштеп келүүдө.

————————————————————

Алмаз Мамбетов

2021-жылдын 2-август күнү ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Алмазбек Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Көп өтпөй мэрлик кызматка биротоло отуруп, «Келечекке татыктуу шаар» программасын жарыялап, коомдук транспорт, таза суу, жол, шаар куруудагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын айткан.

Ал мэрлик кызматка келгенге чейин эле коомчулукка унаада тартылган сүрөтү тараган. Ош шаарына мэр болуп келгенден кийин маалымат жыйын өткөрүп, интернетте тараган сүрөттөрү боюнча да комментарий берген.

«Мен ал учурда Мамлекеттик каттоо кызматында иштегем. Мамкаттоону акчалуу жер деп айтышат. Анда коррупциялык иштер менен күрөшкөнүм үчүн мага карата каралоо компаниясы жүргүзүлгөн. Интернетке тараган видео монтаж эмес, ал видео тартылган учурда мен башка жакта болчумун. Видеодогу мен эмесмин. Ал боюнча далил бар. Ал иштер боюнча ким буюртмачы экенин билем, ким экенин айтпай эле коеюн. Азыр ал адам башка коррупциялык иштери боюнча СИЗОдо», — деген ал.

Мамбетов алгач шаардагы тротуарларды жапырт оңдорун айтып, айрымдарын оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.

Ал 2022-жылдын 29-ноябрында кызматтан кеткен. 2023-жылдын июль айында Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалып, аталган кызматта бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат.

————————————————————

Бакытбек Жетигенов

Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 29-ноябрында президенттин буйругу менен Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

2023-жылдын июнь айында Жетигеновдун мурдагы жардамчысы А.К.С. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. Ал ай сайын борбордук базардын башчысынан 400 миң сомдон алганы жана Ош шаарынын күнүнө, Эгемендүүлүк күнүнө карата деп ишкердерден 6,4 млн сом алганы айтылган.

2023-жылдын 14-ноябрында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алышкан. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, 39у колдогон.

Шаардык кеңеш бул чечимин алардын чыгарган токтомдорун аткарбаганы менен түшүндүргөн.

Президент Садыр Жапаров бул чечимди колдогон эмес.

Ош шаарында эң негизги көйгөй — таза суу маселеси 100 пайыз чечилди деп айтылганы менен шаардыктар жаан-чачын болгон сайын таза суу дале болсо белгилүү убакытка берилбей жатканын айтып чыгышууда.

Бакытбек Жетигеновдун тушунда Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Канышай Имарова тендерден 4 экскаваторду 18 млн сомго сатып алуу боюнча айыпталган.

Тергөө органдары билдиргендей, тендерде көрсөтүлгөн экскаваторлор келбей, сапатсыз техникалар алынып келинген. Бул иш сотко өтүп, Ош шаардык соту Канышай Имарованы мамлекеттин пайдасына 1 млн 100 сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Кийинчерээк шаардык соттун чечимин Ош облустук соту күчүндө калтырган.

Ушул жылдын август айынын аягында Канышай Имарова ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Бул тууралуу буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койгон.

Жетигенов мэр болгондон бери М.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү өтмөк салынды. Ошондой эле Ж.Раимбеков көчөсүнө асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолуп, жээгине сквер курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️