Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү токтотулду

TurmushОш шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү чукулул убакытта токтотулду. Бул тууралуу «Ош шаардык суу канал» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чектөө нѳшѳрлѳп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлыгы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу. Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү токтотулду. Системада (суу кампа, суу түтүк) 2-3 саат суу болот.

Ишкана жашоочуларды суу камдап алууга чакырат.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️