Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 5-октябрь — Ош шаарынын күнү. Бул майрамды утурлай шаардын ар кайсы жерлеринде концерттик программалар тартууланууда.

Токтогул сейил багында — №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектеби, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби, «Келечек» балдар чыгармачылык борбору, Ниязалы Борошов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы концерттик программасын тартуулап жатышат.

Ал эми Алымбек датка оргумасында — Улуу жибек жолунун театралдашкан көрүнүшү, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, кыргыз сүрөт көргөзмөсү көрсөтүүлүүдө.

Кечки саат 20:00дө коңшу өлкөлөрдөн келген ырчылардын коштоосунда гала-концерт өтөт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️