Ош шаарындагы турнирге 3 өлкөнүн шахматчылары катышып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын шахматчыларынын арасында мелдеш өтүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 6-ноябрь күнү башталган турнир Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өтүүдө. Бул иш-чара Ош шаардык шахмат федерациясы жана Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.

Ош шаарындагы шахмат федерациясынын вице-президенти Дайырбек Талантбековдун айтымында, жеңүүчүлө чоң мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алат.

«Мелдештин максаты түштүк аймагында шахмат оюнун өнүктүрүү болуп саналат. Жалпысынан мелдешке 100дөн ашык шахматчы катышууда. Турнир беш категорияда — чоңдор, 14 жашка чейинки, 12 жашка чейинки, 10 жана 8 жашка чейинки балдар, кыздар арасында өткөрүлүп жатат. Дүйнөлүк мелдештин стандартында, классика түрүнө өтүүдө. Ал 4 күнгө созулат. Мелдештен жеңген шахматчылар чоң сыйлык менен сыйланып, чет өлкөлөрдөгү мелдештерге катышууга мүмкүнчүк алышат. Чет мамлекеттеги мелдештерге катышып келген оюнчуларыбыз аз эмес. Алардан арасынан 2-3-орундарды ээлеген оюнчуларыз да бар», — деди Талантбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️