Ош шаарындагы текшерүүдөн кийин эки автобус каттамдан чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында эки автобус каттамдан чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимов билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунун аймагында атмосфералык абанын булгануусун жана түтүндүн алдын алуу үчүн кечээ, 5-сентябрда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык «Автоунаа ишканасына» караштуу жүргүнчү ташуучу автоунаалар текшерилди.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө эки автобустун атмосфералык абага чыгарылган булгоочу заттардын саны белгиленген ченемден (40%) ашып кеткендигине байланыштуу Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 234-беренесине (бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо) ылайык 2 протокол түзүлүп, 23 миң сомдон жалпы 46 миң сом айып салынды. Кайрадан техникалык кароодон өткөнгө чейин каттамга чыгуусу токтотулду.

Жыл ичинде мекеме-ишканалардын бардык автоунааларына текшерүүлөр күчөтүлгөн режимде жүргүзүлөт», — деди ал.

2024-жылдын башынан бери атмосфералык абага тийгизген терс таасири жана түтүндүүлүк боюнча мекеме-ишканаларга жана жеке жарандарга жалпы 810 миң сом айып салынган. Анын ичинен авторанспорт каражаттарынын айдоочуларына 136 миң 500 сом айып салынды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️