Ош шаарындагы сейил бактарда машыгуучу шаймандар эскирип, жарактан чыкты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы эс алуу парктарындагы машыгуу шаймандарынын эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелди. Алардын дээрлик көбү талкаланып калды.

Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы аллеяда (Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин паркы) машыгуучу шаймандардын эскилиги жетип, балдар ойноочу аянтчага төшөлгөн резина төшөмөлөр чыгып кеткен.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Темирлан Бакаловдун айтымында, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын У.Салиева көчөсүндөгү аллея 2022-жылы курулуп бүтүп, колдонууга берилген.

«Ош шаарынын №4 Манас-Ата аймагын реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2022-жылы бүткөрүлүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга ыкчам башкарууга өткөрүлүп берилген», — деди Бакалов.

Ал эми Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын башчысы Абайнур Большевиков машыгуучу шаймандардын эскилиги жеткенин билдирди.

Пример HTML-страницы

«Ош шаарындагы Т.Сатылганов жана Ата-Түрк Кемал бактарында шаймандар бар. Алардын да көбүнүн эскилиги жетти окшойт. Ал шаймандардын тетиктери жок экен. Сатып ала турган болсок, топтому менен алуу керек», — деди ал.

Ош шаардык спорт комитетинин башкы адиси Фаррух Садыков машыгуу шаймандарын кароону муниципалдык аймактык башкармалыктар өз жоопкерчилигине алышы керектигин айтат.

«Биздин көзөмөлдө Р.Абдыкадыров көчөсүнүн (эски көпүрө) ылдыйындагы шаймандар кирет. Ал эми эс алуу жана сейил бактын ичиндеги шаймандар ошол аймактагы башкармалыкка караштуу. Сынып калган шаймандар, селкинчектектерди оңдоп бериши керек. Бирок оңдоп берген учурда деле ошол жердеги жашоочулар этият мамиле кылбай, кайра эле бузуп кетишет. 2026-жылы ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкта бардык шарты менен балдар ойноочу жана машыгуучу шаймандарды орнотуу каралууда», — деди Садыков.

Ош шаарында 8 чоң сейил бак бар:

— Алишер Навои паркы;

— Токтогул Сатылганов атындагы парк;

— Ак-Ниет паркы;

— Ата-Түрк паркы;

— Космонавттар паркы;

— Исхак Раззаков атындагы парк;

— Жеңиш сейил багы;

— Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин паркы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️