Ош шаарындагы салыкчылар эки кабаттуу үйлөр курулган аймакта рейд жүргүздү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы мэрия кызматкерлери менен биргеликте салык төлөөчүлөргө карата рейд жүргүздү.

Буга чейин Салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт каражатына, турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), үй жанындагы, короо жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын билдирген.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Рейд резиденциянын аймагында жүргүзүлдү. Бул аймакта көбүнчө эки кабаттуу үйлүр курулган.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Байгазиевдин айтымында, мүлк салыгын 6 жылдан бери төлөй элек жарандар да бар.

Пример HTML-страницы

«Үй, автоунаа, жер ээлеринин салык төлөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Ош шаарында мүлк салыгынын биринчи тобунун (үй) 1107 салык төлөөчүсү бар, жылдык планыбыз — 35 млн 844 миң сом. Ал эми жер тилкелеринин ээлеринин саны 47 миң 300. Анын ичинде багбан жана жер ээлери, жылдык планыбыз 27 млн 360 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө жасап жаткан ишибиздин 80%ы аткарылды. Салыкты төлөбөгөн жарандар бар, аларга эскертүүлөрдү берип жатабыз. Төлөө мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу административдик айып салынат. Физикалык тараптарга 1000 сом.

Жылдын аягына чейин салыктык төлөмдүн планын 100%дан ашыгы менен аткарабыз. Салык кодекси боюнча, акыркы 6 жылдык отчетторду алабыз. Бул жакта 110 чарчы метрден ашкан мүлк салыгынын биринчи тобунун төлөөчүлөрүнүн карамагында 70тей үй бар. Анын жарымынан көбүнүн салыгы төлөнгөн. Калгандарды кыдырып, байланышып, төлөтүп жатышат. Алгач кыдырып баштаганда 6 жылдык салык төлөнбөгөн учур катталды. Салыктын суммасы 100 миң сомдон ашып кеткен, аны төлөттүк», — деди Байгазиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️