Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн бир тилкеси жабылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды.

Мэриянын маалыматына караганда, бүгүндөн тарта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн Курманжан датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсү (банк жайгашкан) кесилишинен Мухаммед Али Джиннах (мектеп жайгашкан) көчөсүнө чейинки аралыгы унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Айдоочуларды кыймыл үчүн алдын ала башка багыт тандап алууга чакырышты.

———————————————-

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатканын жазган.

Пример HTML-страницы

Оңдоо иштерине байланыштуу 2-июндан тарта Курманжан датка көчөсүнүн Бөрүбаев көчөсүнөн Г.Айтиев көчөсүнүнө чейинки тилкеси жабылган.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык жылуулук электр борбору тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн 1-этабы жүрүүдө. Эскилиги жеткен 876 мерт аралыктагы жылуулук түтүктөрү алмаштырылып, оңдоо иштерине 76 млн сом жумшалат.

Ошондой эле №2 троллейбус убактылуу ишин токтотот. Ал эми кичи маршруттук каттамдар жана унаалар жолду айланып, Ленин көчөсү аркылуу эки тараптуу жүрүүдө.

  • Маалым болгондой, Ош шаарындагы жылуулук түтүктөрү 1972-жылдары орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️