Ош шаарындагы кичи райондогу үйлөр суу алдында калды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-июлда Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, борбордук базарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Маала көчөсүндөгү үйлөр суу алдында калган. Турак үйлөр Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Жеринде тиешелүү кызматтар, атайын техникалар тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Жарандык коргоонун башчысы — Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов сел каптоодон жабыркаган аймактарды кыдырды.

Кечээ, 14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрдү. Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптады.

Пример HTML-страницы

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан эки көпүрөнү сел алып кетти.

Учурда борбордук базарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган.

Борбордук базар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык.

ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, Ош шаарында 1 социалдык объекти (бала бакча) жана 146 турак үйдү сел каптады. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

———————————————

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кетти. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Куткаруучулар адамдарды эвакуациялай башташкан. Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү кечээ, 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды.

Ошондой эле бүгүн, 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Анын өздүгү такталууда.

14-июль күнү кырсыктын кесепетинен Озгур айылында 1 адам каза болду. Ал элди эвакуациялоого жардам берип, «КамАЗга» отургузуп жаткан. «КамАЗ» суудан өтүп бара жатканда аны тебелеп кеткен.

Ондогон унааларды сел агызып кетти. Куткаруучулар каналардан, сел аккан сайлардан талкаланган унааларды алып чыгып жатышат.

Ош шаарында электр мамылары, суу берүүчү насостук станциялар жабыр тартты. Шаардагы борбордук базарда сел дарыядай агып, товарларды агызып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️