Turmush — Ош шаарынын Токтогул эс алуу паркында жайгашкан «ИZЮМ» мейманканасы бузулуп жатат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаары боюнча башкармалыгы Ош шаарынын Ленин көчөсү № 214 А дарегиндеги «ИZЮМ» конок үйүнүн курулуштары соттук териштирүүдө мыйзамсыз экендиги далилденди.
Жер тилкеси мамлекетке өткөрүлгөн конок үйдүн курулушун бузуп салуу тууралуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кат жолдонгон. Каттын негизинде курулуш ээси тарабынан бузуу иштери жүргүзүлүүдө.
———————————————————————
Turmush 2024-жылдын октябрь айында Токтогул эс алуу паркында жайгашкан «ИZЮМ» мейманканасы муниципалдык менчикке өткөнүн жазган.
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дастан Мурзалиев буга чейин юридикалык документтеринде мейманкананын ээси катары Нурлан Төлөков аттуу жаран көрсөтүлгөнүн билдирген.
«Сентябрь айында УКМК киришип, «ИZЮМ» мейманканасынын имараты бизге өттү. Азыр биз техпаспортун алуу үчүн «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Оштогу башкармалыгына арыз жөнөтүп койгонбуз. Эми бул мейманкана толук муниципалдык болуп калды. Жеринин жалпы аянты 909, 27 чарчы метр. Ал эми имараттын аянты 347 чарчы метр. 2023-жылдын 21-июнунан тартып эсептелинет. 3 жылга 1 млн 252 миң 705 сом ижара акысын төлөйт. Буга чейин прокуратуранын сунуштамасы менен мейманкана курулган жерди ижарага берип келгенбиз», — деген Дастан Мурзалиев.
«ИZЮМ» мейманканасына мурда ээлик кылып келген Нурлан Төлөкөв өзү кайрадан Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзүп, мейманкананы ижарага алып иштетип жатканы айтылган.
———————————————————————
2022-жылы сентябрь айында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура» мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Ош шаарындагы Токтогул эс алуу паркынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу «Изюм» конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталганы кабарланган.
«Ал эми мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, парктын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп, конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан. Бул факты боюнча «Изюм» конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылган маалыматта.
«Изюм» конок үйү «ИZЮМ» кафе-барынын жанында жайгашкан. Бул жай социалдык тармактарда ресторан катары позицияланат. Жетекчиси — Досбаева Улфат Жоробаевна.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Улфат Досбаева — «Изюм групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси. ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү: билим берүү тармагындагы көмөкчү ишмердүүлүк. Компания 2018-жылы 19-сентябрда кайра каттоодон өткөн.
«ИZЮМ» ресто-барын Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен байланыштырып келишет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.