Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы IX-X кылымдарга таандык мончонун бийиктен көрүнүшү. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында орто кылымга таандык мончо (хаммам) жайгашкан. Ал Сулайман-Тоонун чыгыш этегинде орун алып, IX-X кылымдардагы археогиялык баалуу эстелик болуп саналат.

Мончону курууда пайдаланылган материалдардын ар түрдүүлүгү, куруу техникасына карап аны баа жеткис эстелик катары баалоого болот.

Очоктор, бассейн, оймо-чейме түшүрүлүп жасалган ванналар, сейрек кездешүүчү текчелер, кооздолуп шыбак менен жасалган дубалдар жана суу өткөрүүчү куурлар сакталып калган.

Мончо жайгашкан жерди казуу учурунда чопо буюмдар, айнек идиштердин сыныктары жана башка материалдар табылган. Орто кылымда Орто Азиянын шаарларында мончо куруу салты маданиятка жетишкен мусулмандар чөйрөсүндө өнүккөн. Ош шаарында да курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE