Ош шаарындагы экинчи каттамдагы троллейбустар жакынкы 10 күндө каттамга чыгат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында экинчи каттамдагы троллейбустар жакынкы 10 күндө каттамга чыгат. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын директору Саибжан Турдуев билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык муниципиалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы Курманжан датка көчөсүндө жер астындагы түтүктөрдү оңдоо иштерин жүргүзүп жатканына байланыштуу, троллейбустардын каттамы 2 айга токтотулган.

«Учурда Курманжан датка көчөсүндө оңдоо иштери бүткөн менен автобекет тарапта да оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан троллейбустар токтоп турат. Азыр жылуулук ишканасы менен байланышсам 10 күн ичинде аяктап калабыз дешти», — деди Турдуев.

Экинчи каттамда 12 троллейбус бар.

—————————————————

Пример HTML-страницы

Бүгүн, 6-сентябрда Оштун мэриясы шаарга Бишкектен алгачкы троллейбустар жеткирилгенин кабарлаган.

Маалыматка караганда, учурда 6 троллейбус алынып келинди. Кийинки жумада дагы 10 троллейбусту алып келүү күтүлүүдө. Жалпысынан Ош шаарына 100 троллейбус келет.

Бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.

Буга чейин июнь айында Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Саибжан Турдуе Бишкек шаардык мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүүнү пландап жатканын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️