Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы «Дельфин» муниципалдык бассейни бузулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын А.Навои атындагы сейил багынын жогору жагында жайгашкан «Дельфин» муниципалдык бассейни бузулууда. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алар муниципалдык жалгыз бассейн бузулуп жатканына кабатыр экенин кошумчалашты.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан маалым болгондой, бассейн толугу менен реконструкциядан өтөт. Андан кийин жылына бир мезгил гана иштеген бассейн 4 мезгил катары менен тынбай иштеп баштайт.

Курулуш иштери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында оңдолот.

«Дельфин бассейнин буга чейин спорт комитети иштетип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE