Ош шаарындагы дагы бир базарды көчүрүүнү көздөп жатышат. Анын ордуна эмне курулат?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Мамытов көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдары жана унаа тетиктери сатылган базар көчүрүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

2024-жылдын 20-сентябрында Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктери сатылган базарды жылдыруу боюнча соодагерлер менен жолугушуу өткөргөн. Ал эми соодагерлер убаракерчиликке туш болорун билдиришти.

«Жол жабылса, бизге кардар жок болот. Орундарды көчүрө турган болсок, өзүбүзгө эле кыйын болот. Ушунча товарлар менен кантип көчөбүз деп ойлонуп турабыз. Эми кайсы жерге көчүрүшөт, кандай жерге барабыз, билбей турабыз», — деди соодагерлер.

Ошондой эле жолугушуу өткөн күнү көпчүлүк соодагерлер жумуш ордунда жок болуп, маалыматты толук укпай калганын кошумчалашты.

«Базар көчүрүлө турган болсо, кайсы жерге көчөт, бул базардын ордуна эмне болот? Маалыматыбыз жок болуп жатат. Өткөндө мэриянын өкүлдөрү келип, жыйын өткөрүп кетишти деп жатышат. Анда биз жок болчубуз. Азыр эми бул жерде жарымы базар көчөт деп жатат, жарымы көчпөйт, болгону жол жабылат деп жатышат. Экөө тең ишке аша турган болсо, бизге эле жаман болуп жатат», — деди айрым соодагерлер.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов Мамыров көчөсүндөгү базар толугу менен жылдырыла турганын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Бүгүндөн баштап Мамыров көчөсү да жабылды. Ал жерде жолду оңдоп-түздөө иштери башталганы турат. Базарды көчүрүү боюнча өзүбүз дагы соодагерлер менен жолугуп эскерткенбиз. Азыр биз калаанын борборундагы базарларды шаардын четине чыгаруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Алардын каттоолорун карап, канча соодегер бар экендигин эсептөөдөбүз. Соодагерлерге товарларын сатып түгөтүп, жаңыдан сырттан буюртма бербей турууну айттык. Анткени көчүрүү мезгилинде кыйынчылык болбосун деп алдын ала эскерттик. Мамыров көчөсүндөгү базар СМУТТ жакта жайгашкан Көкүм-Бий көчөсүнө көчүрүлөт. Ал жердин башкы планыны түзүлүп, эки айдын ичинде бүткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Базар толугу менен даяр болгондон соң соодагерлерди көчүрөбүз. Ал эми соодагерлер учурда иштеп жаткан жерлерге эс алуу бактары курулат», — деди Пирматов.

—————————————————————

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

Селдин кеспетинен 6 адам каза болгону болгон. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кеткен. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барган. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

—————————————————————

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.

Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.

Учурда Ош шаардык мэриясы Б.Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода комплексинин тушунда) муниципалдык базар куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.

Ал эми Ош мэриясынын маалыматына караганда, селден 1000ден ашык адам жабыр тартты.

Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынган.

Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️