Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы 2 көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы №177 жана Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Чкалов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, аталган көчөлөрдөгү оңдоп-түздөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк көрсөтүүлүдө.

№177 көчөсүндөгү жолдун узундугу 2,33 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Узундугу 1 чакырымды, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуары кошо курулат.

«Сапат курулуш ЛТД» ЖЧКсы тендерден 47 млн сомго уткан. Жумуштар 1,5 айда толугу менен бүтөт.

Бул участок боюнча тендер 2024-жылы апрелде өткөн. Тендердин суммасы 56 млн 201 миң 680 сом болгон. Ага катышкан компаниялар:

— «Чинизасайана» ЖЧКсы [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси Боронбаев Сайпидин Маматович, түзүүчүсү — Шакирова Айсулу Азимжановна] — 51 млн 453 миң 178 сом;

— «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси жана түзүүчүсү Абылов Амантур Эмилбекович] — 47 млн 998 миң 756 сом;

— «САД и МиТ» ЖЧКсы [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси жана түзүүчүсү Суранов Арналбек Алмазбекович];

— «РСУ ЮГ» ЖЧКсы [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси жана түзүүчүсү Умарали уулу Акжол];

— «Бай Строй» ЖЧКсы [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси жана түзүүчүсү Нуркамил уулу Талантбек] — 51 млн 75 миң 713 сом;

— «Амантур Строй Сервис» ЖЧК [Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жетекчиси Токтоназаров Чингиз Токтоназарович, түзүүчүсү Жутанов Давлес Мэлисович] — 50 млн 587 миң 379 сом.

Тендерден жеңүүчү болуп «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы табылган.

Ал эми Чкалов көчөсүндө 850 метр жол толук оңдолуп, 2 көчөдө тең ирригациялык курулмалар, жарыктандыруу системалары орнотулат. Бул жердеги иштерди «Оомат» ЖЧКсы аткарууда. Иштер 15 күндө толугу менен бүткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE