Пример HTML-страницы

Ош шаарында «Золотая жизнь» газдалган суусундугу сатыктан алынып жатат. Себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугу сатуудан алынып жатат.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, аталган иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

«Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген «азорубин Е 122» боёгун камтыйт деп табылган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле соода түйүндөрүнүн жетекчилерине аталган продукцияны сатуу тыюу салуу боюнча эскертүү берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE