Ош шаарында «Жөө адам өткөөлү» рейдинин натыйжасында 2 күн ичинде 27 протокол түзүлдү

TurmushОш шаарында өтүп жаткан «Жөө адам өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө 2 күн ичинде 27 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын аймагында катталган жол транспорт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жөө жүрүүчүлөрдү койдуруу, анын катарында жөө жүрүүчүлөрдү жөө адам өткөөлдөрүндө койдуруу болуп жаткандыктан, ушул көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган «Жөө адам өткөөлү» аталышындагы атайын рейди өткөрүлүүдө.

«Бул рейддик иш-чараларга автомектептердин курсанттары жана ыктыярдуу күчтөр тартылып, иш алып барууда. Анын натыйжасында 2 күндө эле 27 протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейд 4-апрелге чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️