Пример HTML-страницы

Ош шаарында жыйынтыктоочу иш-чара өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-июнда Ош шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө арналган иш-чара өттү.

Майрамдык иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы, коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетов, коргоо министринин орун басары — Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын жетекчилиги, аскер кызматкерлери, жоокерлер жана шаар тургундары катышты.

Концертте Коргоо министрлигинин борбордук жана регионалдык армия үйүнүн чыгармачыл жамааты, өзүнчө көрсөтмөлүү аскердик оркестри жана эстрада ырчылары өз таланттарын тартуулашты. Ош шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык салтанат аскердик-патриоттук ырлар менен коштолуду.

Чоң программадагы иш-чара өлкөнүн 7 дубанында тартууланып, Ош шаарында жыйынтыктоочу концерт өттү.

  • Кыргызстанда 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE