Пример HTML-страницы

Ош шаарында жолго ичеги-карын төгүп кетишкен. Айдоочу табылып, айып салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 17-июнда эртең менен Ош шаарынын Т.Касымбеков көчөсүнө ичеги-карын төгүп кетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган көчөнүн 100 метрдей жерине ичеги-карындар төгүлүп, унаа жолду бойлой чачылып калган.

Ал эми Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, айдоочуга айып пул салынып, жол тазаланды.

«1958-жылы туулган Ж.И.Т. Ош шаарындагы мал союучу жайлардын биринен ичеги-карындарды «ЗИЛ» унаасына жүктөп, таштанды талаага бараткан учурда Касымбеков көчөсүнө ичеги-карындар төгүлгөн. Аталган унааны ээсин кайгуул кызматкерлери кармап, 7500 сом айып пул салынды. Ошондой эле жолдогу ичеги-карындар тазаланып, жуулду», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE