Пример HTML-страницы

Ош шаарында жол кайгуулчу менен таксисттин жолдогу окуясын видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол кайгуулчу унаасы менен такси айдоочусунун жолун тосуп, жол тыгынга себеп болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 11-июлда Курманжан датка көчөсүндө болгон. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын жолун тосуп, ызы-чуу жараткан. Ал кызматтык унааны эмес, өзүнүн унаасын башкарып бара жаткан.

Ал эми Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, кызматкер менен такси айдоочусунун ортосунда түшүнбөстүк жаралган.

«Кызматкердин иш убактысы аяктап, кетип бара жаткан болчу. Учурда кызматкерди чакырып, сураштырып жатабыз. Окуя боюнча дагы тактоо жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE