Ош шаарында жер төлөдөн күйүп кеткен адамдын сөөгүнүн калдыгы табылды. Жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында адамдын күйүп кеткен денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, сөөк кечээ, 2-октябрда Туран кичи райондагы өрттөнүп кеткен турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн табылган. Адам толугу менен күйүп, анын жамбаш сөөктөрүнүн калдыктары гана калган.

Милиция азырынча окуянын чоо-жайы боюнча маалымат бере элек.

Кийинчерээк Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 2-октябрына караган түнү Курбанов көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен үй кулап калган. Аталган үйдүн жер төлөсүндө метал кабыл алуучу пункт жайгашкан. Ошол жерде иштеп жана жашап жүргөн 1987-жылы туулган жаран үй кулап кеткендигине байланыштуу сыртка чыга албай, түтүнгө ууланып каза болгону аныкталган.

Ал жерде жашаган жарандардын берген көрсөтмөсүнө караганда, маркум метал кабыл алуучу пункта иштеп, кээде ал жерге жатып калчу.

Пример HTML-страницы

Бул факт катоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, ал алкоголдук ичимдиктерди көп пайдаланган. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматы боюнча, мас абалда уктап калып, өрттүн кесепеттерин билбей калган.

Turmush буга чейин Ош шаарында жайгашкан турак үйдө ири өрт кырсыгы катталганын жазган.

Маалыматка караганда, 2-октябрда Курбанов көчөсүндө жайкашкан 4 турак үйдөн өрт чыккан. Болжолдуу түрдө 1 турак үй жана 3 турак үйдүн чатырлары күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 450 чарчы метрди түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️