Пример HTML-страницы

Ош шаарында жеке ишкерлерге 500 көзөмөл-кассалык машинасы тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын борбордук базарында ишкерлерге көзөмөл-кассалык машиналары тапшырылды.

Атайын адистер жана салык кызматы жеринде ККМ боюнча кенен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын атайын салыктык режиминин башчысы Майрамбек Карыбековдун айтымында, Ош шаарына 500 даана ККМ алып келинген.

«Борбордук базарда 3300 жеке ишкер бар. Анын ичинен 2700дөн ашуун ишкер бирдиктүү салыкка өтүп бүтүштү. ККМны шарты барлары өздөрү сатып алышты. Ал эми шарты жокторго мамлекет өзү каржылап, бекер таратып жатат. Ош шаарына жогорку талаптарга жооп бере турган 3 миңден ашуун ККМге буюртма берилген. Алардын 500ү келди. Учурда базардагы соодагерлерге басым жасап, берип жатабыз. Башында түшүнбөгөндөр, каршы чыккандар болду. Бирок азыр президентибиздин түшүндүрүү иштери менен тааныштыргандан кийин каршылык көрсөтбөй калышты», — деди М.Карыбеков.

Аталган базардагы соодагерлер ККМ боюнча өз пикирлерин айтып, жакшы демилге экенин кошумчалашты. «Базар администрациясы жана салык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Соодагерлерди кыйнаган жок. Тигиге бар, мунусуна бар деп чуркаткан жок. Өздөрү келип, колубузга тапшырып жатышат. Жакшы экен, колдойбуз. Соода тармакта да кыйла ыңгайлуу болот деп ишенебиз», — деп билдирди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE