Пример HTML-страницы

Ош шаарында жаңы прокурорлор жамаатка тааныштырылды. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 13-июнь күнү Ош шаарында кааланын жана Ош облусунун жаңы прокурорлору тааныштырылды.

Сыдыгалиев Бакытбек Өмүрбекович Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды.

Сыдыгалиев эмгек жолун 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй облустарынын прокуратураларында баштап, андан кийин Жалал-Абад облусунун Сокулук районунун, Балыкчы шаарынын, Таш-Көмүр шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун прокурору болуп иштеген.

Ахматов Чыңгыз Аширбекович Ош облусунун прокурору болуп дайындалды.

Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында баштап, андан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында, Жалал-Абад жана Ош облустарынын прокуратураларында ар кандай кызматтарда иштеп, Ысык-Ата районунун, Кызыл-Кыя шаарынын жана Токмок шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

Кадрларды дайындоо боюнча буйруктарга Башкы прокурор 2024-жылдын 12-июнунда кол койгон.

Ахматов менен Сыдыгалиевди жамаатка жана аймактык мекемелердин жетекчилерине Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов тааныштырды.

Кыргызстандын прокуратурасында кадрдык өзгөрүүлөр башкы прокурор алмашкандан кийин башталды.

2024-жылдын 5-июнунда Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында Башкы прокурор болуп дайындалган.

2024-жылдын 24-апрелинде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөндүгү үчүн сөгүш жарыялаган.

4-июнда Зулушевди Башкы прокуратурадан узатышты.

Жаңы башкы прокурор болуп Максат Асаналиев дайындалды. Буга чейин ал Ош облусунун прокурору болгон.

Башкы прокурордун орун басарларына кадрдык өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңы орун басарлар Малик Бектурганов (Ош шаарынын прокурору болгон), биринчи орун басар Баймурза Маатов (мурда Балыкчы шаарынын прокурору), Нурбек Каимов (мурда транспорт прокурору болгон).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE