Ош шаарында жаңы борбордук базарга баруучу үч жол кеңейтилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы борбордук базарды Ак-Буура дарыясынын жээгинен көчүрүү үчүн жаңы базар курулуп жатат. Учурда 3 жол кеңейтилүүдө.

Буга чейин Ош мэриясы жаңы базарга баруучу жолдорду куруу үчүн тендер жарыялабай эле, иш жүргүзүүнү 3 компанияга тапшырганы тууралуу маалымат тараган. Алар: «Амантур Строй Сервис», Спутник Строй», «Имарат АКДБ» ЖЧКлары.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Амантур Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Токтоназаров Чыңгиз Токтоназарович, түзүүчүсү — Жутанов Давлес Мэлисович. Компания 2022-жылы 18-июлда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: асфальт жана битум өндүрүү.

«Спутник Строй» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Ажиматов Канатбек Маматуралиевич көрсөтүлгөн. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү: турак үйлөрдү жана имараттарды куруу.

«Имарат АКДБ» ЖЧКнын жетекчиси — Таирбек уулу Азамат, түзүүчүсү — Жораев Исраил Абдыкадырович. Негизги ишмердүүлүгү: архитектура. Компания 2010-жылы 15-мартта каттоодон өткөн.

Пример HTML-страницы

Ал эми Ош мэриясынын басма сөз кызматы муниципалдык жолдор башкармалыгына шилтеме берүү менен жолдор ашар жолу менен курулуп баштаганын билдирди.

«Жол тендери жок эле ашар жолу менен салынууда. Жолду салууга кээ бир компаниялар жардам берип жаткан болушу мүмкүн. Бул боюнча тактадык, өзгөчө кырдаал учурунда жолду тендери жок салганга мыйзам жол берет экен. Базар тегерегиндеги жолдор буга чейин эле болгон. Ошол жолдорду эле ашар жолу менен кайра кеңейтүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Жолдорду кеңейтүү иши ушул жылдын август айында башталган. Оңдоо иштерин ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

———————————————————

2024-жылы 14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

—————————————————————

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.

Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.

Учурда Ош шаардык мэриясы Б.Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода комплексинин тушунда) муниципалдык базар куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.

Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынган.

Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️