Пример HTML-страницы

Ош шаарында унааны мас абалда башкарган 19 мас айдоочу кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында 2,8 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июндан 16-июнга чейин жол эрежелерин бузган жалпы 2 миң 825 айдоочуга карата протокол толтурулду.

Алардын ичинен:

— унааны мас абалда башкаруу — 19 учур;

— унаанын айнегин караңгылатуу — 13 учур;

— документи жок унаа башкаруу — 52 учур;

— коомдук жайда тамеки чегүү — 8 учур;

— жасалма мамлекеттик белги — 3 учур.

Ошондой эле 145 автоунаа айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE