Ош шаарында төрөлгөн 3 эм төрөт үйүнөн чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-октябрда Ош облустук төрөт үйүндө 3 эмин жарыкка алып келген Чолпон Садырали кызы үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Үч эмдин чоң энеси Айнура Мусаева сезимдери менен бөлүштү.

«Кудайга шүгүр, өтө кубанычтамын. Неберелеримдин өмүрү узун, ден соолугу чың, ата-энеси менен бирге болуп, акыл эстүү, эл журтуна керектүү балдардан болуп чоңоюшсун. Уулумдун атын Алинур деп тай энеси койду, кыздардын атын Айлин, Аманда деп уулумдун өкүл атасы койду. Жалпысынан 10 неберелүү болдум. Келинимдин абалы жакшы, неберелерим чыйрак. Келиним операция менен төрөп кичине кыйналып калган, азыркы учурда абалы жакшы. Дарыгерлерге дагы рахмат, жакшы карап беришти», — деди чоң энеси.

Ош облустук төрөт бөлүмүнүн дарыгери Айнур Сатыеванын айтымында, Чолпон Садырали кызы 19-сентябрда кесүү (кесарево) жолу менен үч эмин жарыкка алып келген.

«Бизге 18-сентябрь күнү 32 жумалык толгоосу башталып келип түшкөн. 19-сентябрь күнү кесүү жолу менен төрөтүп алдык. Уулу 2 кг 25 гр, кызы 1 кг 800 гр, үчүнчү кызы 1 кг 900 гр салмакта төрөлдү. Балдардын жана эненин абалы жакшы», — деп билдирди.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле аталган төрөткананын наристелерди жандандыруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Минура Мамарасул кызы, эки ымыркайды жасалма дем алдыруу менен караганын билдирди.

«Биринчи жана үчүнчү балдары төрөлгөндө өпкөсү жакшы ачылбай калгандыгына байланыштуу жасалма дем алдыруу жолу менен карадык. Экинчи күндөн баштап, алардын абалдары турукташып, орто абалда болуп, чогуу карап жаттык. Азыркы учурда балдардын абалы жакшы, салмак кошушту.

Ошондой эле апасына балдарга кандай кам көрүү, эне сүтүнүн маанилүүлүгү жөнүндө үйрөтүп, бүгүн үйүнө чыгарып жатабыз», — деди ал.

Быйылкы жылдын эсеби менен Ош облустук төрөт үйүндө үчүнчү ирет 3 эмдер жарыкка келди.

Буга чейин Turmush Ош шаарында 3 эм төрөлгөнүн жазган. Алар 2024-жылдын 19-сентябрында жарыкка келгенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирген.

Алардын чоң энеси Айнура Мусаева балдардын жана келининин абалы жакшы экенин айткан.

«Келиним 33 жашта. Үч эмге чейин 2 кызы бар эле. Азыр бир уул, эки кызды жарык дүйнөгө алып келди. Аларга Алинур, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди. Уулу 1 кг 800 гр, кыздары 1 кг 900 гр салмакта төрөлүштү. Балам курулушта иштеп, келиним үйдө отурат, экөө батирде жашашчу. Албетте, неберелеримдин төрөлгөнүнө абдан кубанычтамын, бирок балдардын келечеги да ойлонтуп турат. Беш бала менен кайда барышат деген ой менен турам», — деген Айнура Мусаева.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн энени куттуктаганы эч ким келбегенин кошумчалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️