Пример HTML-страницы

Ош шаарында таштанды сорттоочу станция ачылды. Аны Акылбек Жапаров көрүп чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-майда Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарында таштанды сорттоочу станциянын ачылышына катышып, таанышып чыкты.

Маалым болгондой, урулуш 2024-жылдын 1-февралында башталган. Жалпы аянты 0,75 гектарды ээлейт. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн демилгечиси «Таза Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коому. Кыргызстанда алгачкы жолу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү» долбоору ишке ашырылды.

Аталган объект «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан курулуп, анын курулушуна инвесторлордун өздүк каражаттарынын эсебинен 97 миллион сомдон ашык акча каражаты тартылган.

Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясы ачылгандан кийин мындан ары көбөйтүү менен 80ден ашык жумушчу орун түзүлөрү пландалып жатат. Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын технологиялары менен камсыздалган.

Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү станцияны куруу каралган. Аталган станциянын курулушу аяктап, экинчи этапта терең кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү каралган.

Долбоордун экинчи этабы калдыктардын түзүлүшүн аныктоого, таштанды иргөөчү ишканасында иштей ала турган квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Таза Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Карабукаев Нурлан Самудинович, түзүүчүлөрү — Жумалиев Эркинбек Кубанычбекович жана Голубев Виталий Викторович.

Компания 2023-жылы 5-сентябрда каттоодон, 2023-жылы 14-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: коопсуз калдыктарды чогултуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE