Ош шаарында шек жараткан батирлер текшерүүгө алынып, 16 кыз кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 11-12-июль күндөрү «Притон» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, рейддин максаты Ош шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген кыз-келиндерди табуу жана аларга карата профилактикалык иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.

Милиция кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, шек жараткан батирлерди текшерүүгө алышты. Рейддин жүрүшүндө сойкулук жасоого шектүү 16 кыз кармалып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алынып келинип, бармактарынын издери алынды. Кармалган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарына башка региондордон келгендиги аныкталды.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн жаран кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта профилактикалык иштер күчөтүлөт.

Пример HTML-страницы

———————————————————

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстанда бир дагы сойкукана болбошу керектигин билдирген.

«Силерге, урматтуу аткаруучулар, убакыт берем. 2023-жылдын 1-декабрынан баштап өлкөбүздүн аймагында бир дагы сойкукана, интимдик кызмат көрсөтүүчү үйлөр жана сауна болбошу керек. Бул үчүн акимдер, шаар мэрлери, губернаторлор, жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери жооп берет», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️