Ош шаарында сел каптаган борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүм бий көчөсүнө көчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов базар көчүрүлө турган жерди көрүп чыкты. Курула турган базар «Ош» унаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.

Жаңы базарда соодагерлер үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү:

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кечээ, 19-июлда селден жабыр тарткан Ош шаарына келип, борбордук базарга барып, эл менен жолугуп, базар көчүрүлө турганын айткан болчу.

«Мындан ары баары мыйзам чегинде болот. Мыйзамсыз курулуштар, мыйзамсыз көпүрөлөр, мыйзамсыз эс алуу жайлары, ушул Ак-Бууранын (дарыя) тегереги бүт алынат. Бул базар дагы толук көчүрүлөт. Базар бул жерде болбойт, башка жакка көчүрөбүз. Себеби бул нерсе дагы кайталанышы мүмкүн. Бул жерде эч ким кепилдик бере албайт. Эртең болобу, 1 айдан кийин болобу, кийинки жылы болобу дагы ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан базарды коопсуз жерге көчүрөбүз. Жаңы базардан орундарды алып, коопсуз жерде соода кыласыздар.

Пример HTML-страницы

Бардыгыңар сабыр кылып тургула. Анан кыйкырып, андан эч нерсе чечилбейт. Бирөөнүн коркутам дебегиле, бирөөдөн коркпогула. Мыйзам чегинде баарын чечебиз. Мамлекет тарабынан камкордук көрүлөт. Мен бул жакка келерде дагы президент атайын «ушуну айтып жеткизип койгула» деп айтып жөнөттү. Бүгүн администрацияда штаб өтөт. Ошол жерде кандай чечимдерди кабыл алып жатабыз, кандай жардамдар, кандай компенсация болот айтабыз», — деген болчу Ташиев.

Окуя тууралуу:

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптаган.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кетип, жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышкан. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Куткаруучулар адамдарды эвакуациялай башташкан. Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылган.

Ошондой эле 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Ал 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял (селге аккан кыздардын апасы) экени аныкталды.

Ошондой эле 15-июлда дагы эки кыздын сөөгү табылды. Алар эже-сиңди — 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️